Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эт базарларда алдыда келе жаткан катар майрамдар — Орозо айт жана Ноорузга карата эт сатып алууну каалаган тургундардын саны көбөйдү.
Turmush басылмасынын кабарчысына сатуучулар майрамдарга карата кардарлар этти көбүнчө устукан кылып алып жатышканын айтып беришти.
«Башка жумаларга салыштырмалуу бул жума эт алуучу кардарлар көп. Мейман тосууга ылайыктап устукан кылып жасап алышууда», - дейт сатуучулар.
Эттин баасы (1 кг):
- уй эти — 680-720 сом;
- жылкы эти — 620-630 сом;
- чучук — 1000 сом;
- казы-карта — 580-620 сом;
- кой эти — 680-690 сом;
- бир койдун эти (туша) — 16 миң сомдон 30 миң сомго.
Учурда уйлар арасында оору чыгып жатат деген сөздөрдөн улам жана майрамга карата көбүнчө кой жана жылкы этине басым жасагандар арбын.
«Негизи кой этин өкмөт коюп берген 680 сомдон сатып жатабыз. Ал эми сан эттери 690 сомго чейин чыгууда. Учурда эт жетиштүү, бирок кайсыл эт болбосун байлоодогу малдар азайды. Азыр баа туруктуу. Бирок байлоодогу малдар азайып, калганы тоого кеткенде бир аз көтөрүлүшү мүмкүн. 690 сомдук эт бул — сулп жакшы эттер. Майрамга карата эмес, негизи эле союлуучу койлор азайгандыктан 4-5 күндөн бери сулп эттерине 10 сом кошулду. Базарга келген ар бир этти лабораториядан текшерип, сатыкка уруксат берилгенден кийин гана сатабыз. Эттерге атайын текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу мөөр басылган», - дейт сатуучулар.
Ал эми Каракол шаардык ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют кызматы учурда базарга кирген ар бир эт тыкыр текшерилип жатканын айтып, эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.
«Базарда атайын лаборатория иш алып барат. Ал жерде күндө кирген эт текшерүүдөн өтүп турат. Февраль айын алсак, эт базарга сатыкка 777 баш уй, 210 баш жылкы келген. Алардын ар бири ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, текшерилип, ооруган мал киргизилбейт. Текшергенде өпкө, боорлордон альвеококкоз, эхинококкоз аныкталып калган учур болсо, алардын баары алынып, атайын жок кылуу жайына жөнөтүлөт. Ар бир эт тыкыр көзөмөлгө алынат», - дейт аталган кызматтын жетекчиси Тилек Ишенбаев.
Анын айтымында, учурда шаардын аймагында жазгы профилактикалык иштер жүрүп жатат. Анда малдар эмделип, кан алынып, жайыттарга кетүүгө даярдык иштери жүрүүдө.
Шаар аймагында:
- кара сан илдетине карата 978 баш малга:
- пастереллёзго каршы 970 баш малга;
- шарпка каршы 1940 баш малга эмдөө жүргүзүлдү.
Ошондой эле 120 баш малдан кан алынган. Мындай иштер учурда да уланууда.