Turmush — Социалдык тармактарда футбол аянтчасында эркек киши окуучуга кол көтөрүп, кулагынан чойгон учурда тартылган видео тарады. Видеодон окуучу бала ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Күбөлөрдүн айтымында, ал өзүнүн баласына болушуп, башка баланы урган. Окуя Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда болгон.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 14-мартында арыз менен Ак-Суу районунун тургуну — 1975-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Себеби 2026-жылдын 13-март күнү айылдагы футбол ойноочу аянтчада 2014-жылы туулган баласы А.Н.ны өзүнүн айылдашы — 1989-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.
Аталган арыз 14-март күнү Ак-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.
Арыздын негизинде Ак-Суу районунун тургуну — 2014-жылы туулган А.Н.га окуяда алган дене жаракатынын даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу дайын боло элек. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Ал эми Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя балдар мектептен тарагандан кийин айылдын ортосундагы билим берүү мекемесинен сырткары футбол аянтчасында болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.