Turmush — Ак-Талаа районундагы мектеп директорлоруна апрель айында көбөйө турчу мугалимдердин эмгек акылары боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
- Буга чейин гуманитардык предметтер боюнча айрым мугалимдер мугалимдердин эмгек акылары тең болбой, STEM предметтери боюнча коэффициенттер жогору болуп, ал эми гуманитардык багыттагы предметтердин коэфиценттери аз болгондугуна байланыштуу алардын эмгек акылары аз экендигин, предметтерди даражага бөлүнүп калгандыгын, аткарган иштери, талап бирдей экендигин айтып, нааразычылык билдиришкен.
«Гуманитардык багыттагы предметтердин мугалимдери эмгек акыларды көтөрүүдө бардык предметтердин коэффициенттерин бирдей кылып берүүнү сурап жатабыз. Анткени гуманитардык багыттагы предметтердин коэффициенттери аз. Ал эми так илимдер боюнча предметтердин коэффициенттери жогору болуп, мындан улам эмгек акылар бирдей эмес өлчөмдө болуп калып жатат.
Ошондой эле, айрым предметтер боюнча сааттар кыскарып калгандыктан улам айлык акылар аз чыгып жатат. Мисалы 12 жылдык билим берүүнүн алкагында кыргыз тил сабагын кыскартып, анын ордуна 7-класстар үчүн химия сабагы киргизилген. Кыргыз тилин кыскартпай эле химияны өз алдынча киргизилсе болот да», - деди кыргыз тилчи мугалимдер.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын апрель айынан тарта эмгек акыларынын көтөрүлүшү боюнча төмөнкүдөй белгиленет:
1–4-класстардын мугалимдери үчүн:
- Жалпы орто билим: 2,45;
- Орто кесиптик билим: 3,50;
- Жогорку билим (бакалавр): 3,95;
- Жогорку билим (магистр): 4,35.
5–11-класстардын мугалимдери үчүн (гуманитардык дисциплиналар):
- Орто билим: 2,10;
- Орто кесиптик билим: 2,90;
- Жогорку билим (бакалавр): 3,30;
- Жогорку билим (магистр): 3,65;
5–11-класстардын мугалимдери үчүн (STEM-предметтер):
- Орто билим: 2,45;
- Орто кесиптик билим: 3,50;
- Жогорку билим (бакалавр): 3,95;
- Жогорку билим (магистр): 4,35;
Мындан тышкары ар бир мугалимдин маянасы иш тажрыйбасы, ставкасы, бөлүнгөн сааттары, бийик тоолуу коэффициенттери менен кошо эсептелинет.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыков коэффициентерден гана бир аз айырма бар экендигин айтты.
«Эмгек акылар боюнча мугалимдерди, предметтерди эч ким эч кандай даражага бөлгөн эмес. Бардыгынын укугу бирдей. Бул маселе коюлган коэффициенттерден гана айырма бар. Ошол STEM предметтери боюнча коэффициенттин өлчөмү 2,45 болсо, ал эми гуманитардык багыттагы предметтердин коэффициентинин өлчөмү 2,10 жана башталгыч класстар боюнча 2,45. Бул буга чейин эле түзүлгөн коэффициент.
Анткени бир кездерде так илимдер боюнча мугалимдер жетишсиз болуп турган учурда ушундай коэфициенттер коюлган экен. Ошол боюнча эле эсептелинип келет жатат.
Ал эми, долбоор боюнча апрель айынан тарта бардык мугалимдердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгек акылары 100% көтөрүлөт. Эч бир мугалимдики калып калбайт. Бул боюнча бүгүн дагы мектеп директорлорун чакырып, чогулуш өткөрүп, түшүндүрүп бердик.
Мындан тышкары, ар бир мугалимге ставкаларына жараша 15 миң сомдон президенттик компенсация кошулуп жатат. Буйруса мында эмгек акылары аябай эле жакшы көбөйгөнү турат», - деди Сыдыков.