Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Умида Тохтиева менен Асанбек Малик уулу. Умида Тохтиева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу менен кантип таанышканын айтып берди.
Ал 1995-жылы 15-декабрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында туулган. Улуту боюнча уйгур. Ал эми жолдошу Асанбек Малик уулу 1991-жылы 1-июлда Чүй облусунда туулган. Жубайлар учурда Талас шаарында жашап жатат.
«Жолдошум экөөбүздүн таанышуубуз абдан кызыктуу болгон. Азыр мындай таанышуу сейрек кездешсе керек. Экөөбүз жолукканга чейин бир нече күн мурун жетекчимдин туулган күнүнө баргам. Ал кезде ден соолукту чыңдоо борборунда иштечүмүн. Майрамдык кечеде ар кандай сынактар өткөрүлүп, алардын биринде тилектерди жазуу керек болчу. Ошондо 100 миң сом, унаа жана акыры өзүмдүн түгөйүмдү жолуктурууну тилеген элем.
Бир нече күндөн кийин адаттагыдай эле жумушка баруу үчүн аялдамага чыктым. Коомдук транспорт өтө жай жүргөндүктөн, көбүнчө жолдо бара жаткандардын унаалары менен барып жүрдүм. Аялдамада тургам, жаныма бир унаа токтоду. Рулда айдоочу жигит отурган. Мен арткы орундукка отурдум. Жолдо бара жатып ал дагы бир жүргүнчүнү алды. Киркомстромго жеткенде ал жүргүнчү түшүп калды.
Андан кийин айдоочу "чоң кыз, сиз кайсы жерде иштейсиз?" деп сурады. Даректи айтсам, жолубуз бир экенин айтып, жолду улады. Унааны жай айдап, ар кандай суроолорду берип жатат. Ал мен тууралуу, мен ал тууралуу билип, сүйлөшүп бардык.
Жолдошумдун аты Асан. Ал учурда мени жумушка жеткирип койгон жөн эле адам болчу. Бирок ошол күндөн бери экөөбүз бири-бирибизден ажыраган жокпуз. 3 жылдан бери чогуубуз. Ал мени сүйөрүн кайсы убакта түшүнгөнү эсимде жок. Жолдошумдан сурасам, "биз бир аз убакытка алыс болгондон кийин сени сүйөрүмдү түшүндүм" деп жооп берген», - деди ал.
Умида Тохтиеванын айтымында, чакай той менен баш кошушкан. Анткени жолдошунун да, өзүнүн да биринчи никеси эмес.
«Алгач үй-бүлөлөрүбүз каршы болушту. Бирок менин ата-энем жолдошумду көргөндө алардын бардык күмөн саноосу жок болду. Жолдошумдун ата-энеси да мени бир жолу көргөндө эле пикирин өзгөртүштү. Апасы мени абдан жылуу кабыл алды.
Кыргызстанда жашоо мега оорчулук жаратпайт. Анткени биздин салт-санаабыз көп учурда окшош. Кыргыз тилин үйрөнүп жатам, жакшы сүйлөп калдым. Мага жолдошумдун үй-бүлөсүнүн кызына — менин кайын сиңдиме жасаган масмилеси өзгөчө жагат. Аны абдан жакшы көрүп, коргоп турушат. Дасторкондо төрдө, унаада алдыңкы орундугунда отурат. Кыздарга урмат-сый, сүйүү жана камкордук менен мамиле жасашат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Бул үй-бүлөдө келин катары кызына кандай мамиле кылышканын көрүп, келечектеги кыздарыма кандай мамиле болорун түшүнөм», - деди ал.
Жубайлар Талас шаарында ишкерлик менен алектенет.
«Жолдошум абдан позитивдүү адам. Эч качан көңүлү чөкпөйт. Кандай жагдай болсо да жылмайып турат.
Учурда дээрлик бош убактыбыз жок. Жолдошум экөөбүз Таласта 3 бизнес ачып, аны өнүктүрүү менен алекпиз. Биздин 5 балабыз бар. Келечекте алдыга гана умтулууну пландайбыз», - деди ал.