Turmush — Тоң электр тармактар ишканасынын көп жылдык тажрыйбасы бар диспетчери, энергетика тармагына өмүрүн арнаган Темирлан Курманалиевич Тюлемишов — Кыргызстандын гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн да татыктуу энергетиги.
Анын тагдыры Ооганстандагы оор күндөрдөн башталып, өлкөнүн энергетикасын чыңдоого багытталган талыкпаган эмгек жолу менен уланган чыныгы эрдиктин жана адал кызматтын тарыхы.
Аны менен аймактык кабарчы жакындан таанышты.
Темирлан Тюлемишов 1963-жылдын 24-ноябрында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Орто мектепти жана №11 кесиптик окуу жайын аяктагандан кийин, 1982-жылы Совет армиясынын катарына чакырылып, атайын даярдыктан өтүп, БМП-2нин наводчик-оператору катары Ооганстандагы согушка жөнөтүлгөн.
Ооганстандын кара күнү — өмүр бою эсте калган сабак
1984-жылдын 30-апрели Ооган согушунун тарыхындагы эң оор күндөрдүн бири болгон.
«Паншер өрөөнүндө ири аскердик операция жүрүп жаткан. Биздин батальон тосмого (засадага) кабылып калды. Эртең мененки саат 11:00 чамасында атышуу башталып, күңүрт киргенге чейин уланды. Биз тоолуу, техника жетпеген аймакта болгондуктан, жардам түн киргенде гана жетти.
Ал учурда атышуу токтоп, каза болгондор менен жарадарларды чогултуп жаттык. Жалпысынан 200гө жакын жоокер бар эле, алардын 80ге жакыны курман болду. Арасында Ош облусунан чыккан бир кыргыз жоокери да бар болчу.
Апрель айы ысык болуп, каза болгондор күн бою талаада калып, денелери шишип, таанылгыс болуп калган. Кийимдеринен гана тааный алдык. Батальондун командири Александр Королёв да курман болду. Ал күнү дээрлик бардык офицерлер каза тапты. Себеби атышуу учурунда офицерлер атайын бутага алынган. Тирүү эки-үч офицер гана калган.
Ал кезде өлкөдө 1-май майрамы белгиленип жаткан. Биз болсо каза болгондордун сөөктөрүн тик учак аркылуу мекенине жөнөтүп жаттык. Бул өмүр бою унутулгус эң оор күн болгон», - деп эскерет ал.
Согуштан энергетика майданына
1984-жылы аскердик кызматын аяктап, мекенине кайтып келгенден кийин Темирлан Тюлемишов Токмок шаарындагы айыл чарба техникумун «электромеханик» адистиги боюнча бүтүргөн.
1986–1990-жылдары райондук электр тармактарында эмгектенип, 1990-жылдан бери Тоң райондук электр тармагында диспетчер болуп иштеп келет. Ошондон бери 34 жылдан ашуун убакыт энергетика системасынын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн күнү-түнү жоопкерчилик менен кызмат өтөп жүрөт.
Энергетиканын оор жылдары
Ал 1990-жылдардагы энергетика тармагындагы эң оор мезгилдерди башынан өткөргөн.
«Айлап эмес, жарым жылдап айлык ала албаган учурлар болду. Материалдар да, шаймандар да жетишсиз эле. Бирок эл жарыксыз калбасын деп, колдон келгендин баарын жасачубуз», - дейт ал.
Ошол жылдары электр энергиясына чектөөлөр киргизилип, диспетчерлерге күн сайын нааразычылык билдирген чалуулар түшчү.
«Элдин абалын түшүнчүбүз. Ар бирине сабыр менен түшүндүрүп, кырдаалды так айтып берүүгө аракет кылчубуз», - деп эскерет ал.
34 жылдык үзүрлүү кызмат
Бул жылдар аралыгында Темирлан Тюлемишов диспетчер, эки жолу улук диспетчер болуп иштеп, көптөгөн жаш адистерге насаатчы болду. Анын онго жакын шакирти бүгүнкү күндө энергетика тармагында жетекчилик кызматтарда эмгектенишет.
«Энергетикада тактык — эң башкы талап. Биринчи кезекте коопсуздукту үйрөтөм. Өзүңдүн да, элдин да коопсуздугу — биринчи орунда», - дейт ал.
Эмгек менен келген сыйлык
Көп жылдык эмгеги бааланып, Темирлан Тюлемишов райондук, облустук жана министрликтин ардак грамоталары, медалдары менен сыйланган. 2022-жылы ага КМШнын ардактуу энергетиги наамы ыйгарылган.
Үй-бүлө жана келечекке ишеним
Темирлан мырза жубайы менен бирге 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Ал өлкөнүн энергетика тармагынын келечегине ишеним менен карайт.
«Кичи ГЭСтердин курулушу алдыдагы 2–3 жылда ишке ашса, энергетика тармагында чоң секирик болот», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.