Turmush — Нарын шаарындагы тез жардам кызматкерлерине жаңы формалар берилди.
Шардык тез жардам бөлүмүнүн улуу фельдшери Жылдыз Тежибаева билдиргендей, кызматкерлер жаңы кызматтык формалар менен камсыз болушту.
Анын айтымында, бул жаңылануу медицина кызматкерлеринин арасында чоң кубаныч жараткан.
«Жаңы формалар келди. Биздин администрациянын атынан жетекчиликке чоң ыраазычылык билдиребиз. Бардыгыбызга жайкы жана кышкы формалар берилди. Бул биз үчүн кубанычтуу жаңылык болду», — деди ал.
Ошондой эле жаңы формалар айдоочуларга да таратылган.
«Жалпы 35 форма келди. Бөлүмдө 36 кызматкер эмгектенет: 14 фельдшер, 14 айдоочу, 7 врач-интерн жана 1 бөлүм башчы бар», — деп кошумчалады Тежибаева.
Тез жардам бөлүмүндө суткасына 3 бригада иш алып барат. Алар Нарын шаары менен катар Нарын районунун айылдарын да тейлейт.
«Эң алыскы чакыруулар Эки-Нарын айылына чейин жетет. 8-Март, Учкун сыяктуу алыскы айылдарга да барабыз. Айылдык фельдшерлер менен дайым байланышта иш алып барабыз», — деди ал.