Turmush — Ош шаарынын аймагында күрөөкана ээлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жарандарга ири кошумча пайыз менен акча каражатын берип, бирок ар кандай мыйзамсыз жолдор менен жарандардын үй мүлктөрүнө ээ болуп келген жарандарга кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күрөөканаачылар жарандарга жогорку пайыздык өлчөмдө акча каражаттарын берип, алардын күрөөдөгү мүлктөрүн мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп алуу фактылары аныкталган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан күрөөкана ишмердиги менен алектенген Б.О. жана К.К. кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар узак убакыт бою жарандардын өтө муктаж абалынан пайдаланып, оор шарттар менен акча берип, алардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алышкан.
Шектүүлөр Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 48 саатка камакка алынган. 2026-жылдын 9-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен К.К. 2 ай мөөнөткө камакка алынып, ал эми Б.О. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, шектүүлөрдүн аныкталбаган башка шериктерин аныктоо багытында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жогоруда жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар болсо, 102 кызматына же 0770 710 808 телефон номуру аркылуу кайрылса болот.