Turmush — 15-марттан 18-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Мааалыматка караганда, төмөнкү жолдорго кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
- Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу);
- Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).