Turmush — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 11-мартында түнү катталган катуу шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 28-34 метр болгон. Анын кесепетинен Соң-Көл кичи районунда жайгашкан Манас атындагы №10 орто мектебинин чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкѳн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык №19 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Катуу шамалдын кесепетинен чатырды бузуу убактылуу токтотулуп, мектеп окуучулары үйлөрүнө таратылылган.
Мектеп камсыздандырылган. Адистер текшерип, келтирилген зыянды баалашты.