Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылынын тургуну Замир Чегирткеев 6 жылдан бери егерь болуп иштеп, жаратылышты коргоо кызматын аркалап келе жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде 2020-жылдан бери Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун №8 участкасына көзөмөл жүргүзүп жатканын айтып берди.
Замир Чегирткеев 1965-жылы жылы туулган.
«Атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болчу. Сары-Тологой айылында чоңойдум. 19 жаш курагымда аскерге чакыруу келди. Ал кезде ар бир эр азамат атуулдук милдетин аткарууга согушка болсо да жөнөп кетишчү. Менин мекенди коргоого болгон жарандык милдетим Ооган согушуна туура келди. 1984-жылдан 1986-жылга чейин жигиттик милдетимди өтөдүм. Адегенде Түркмөн окуу борборунан 6 ай даярдык көрүп, 1985-жылы апрель айында Ооганстандын Кабул, Гиндукуш провинциясына туш болдук. Башка жоокерлер сыяктуу эле ар бир кадам ажал дегендей, өтмөктүн постун суткасына 6-14 саатка чейин көзөмөлдөчүбүз. Бул аймакта бир жагынан согуштук душман болсо, экинчи жагынан куралсыз душмандар да бар эле. Дегеним, чөп өспөгөн тоо-таштуу аймакта чаян, жылан, кара курт сыяктуу зыяндуу жаныбарлар көп кездешип, бош турган бут кийимдин ичине кирип кетишчү. Биз адаттагыдай эле ичин силкип туруп кийчүбүз. Мындай шартта ар тараптуу сак жүрүүгө үйрөндүк.
Ошентип 1986-жылы аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү аяктап, мекениме аман-эсен кайттым. Келген соң айдоочулук кесипке ээ болуп, эмгектенип, үй-бүлө курдум, байбичем экөөбүз эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрдүк», - деди ал.
Замир Чегирткеев жаратылышка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталганын айтат.
«Жараталышка болгон сүйүүм, жапайы жаныбарларды коргоого болгон кызыгуу бала кезден эле орун алган. Советтик доордо жапайы жаныбарлардын саны азыркы көрсөткүчтөй болсо, бугулар жокко эсе болчу. Түп токой чарбанын чоң бетиндеги 2 миң гектар аймактын Чоң-Булак коктусунда бугулар 2021-жылдан тарта кыштай баштады. Себеби бул мезгилге чейин мыйзамсыз аңчылык кылган мергенчилер кол салып, аз санда болгону маалым. Акыркы жылдары экологияны коргоо боюнча көзөмөл күчөгөндөн тарта бугулар Түп жергесинде байырлап баштады. Ушул тапта Түп жана Ак-Суу районунун чек арасына, жалпы 30 миң гектар аянтка көзөмөл жүргүзүп келе жатам», - дели ал.
Кышкысын жем-тузун артып, жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыкка чыккан мергенчилер менен жырткычтардан коргогон егерь заманбап техникага муктаж экенин айтты.
«Мындан 5 жыл мурун санак жүргүзгөндө, тагыраагы 2021-жылы 3 бугу бар болчу. Бул жылы алардын саны 35-40ка жакындады. Казак чек арасы аркылуу биздин аймакка миграция болуп, эл аралык жолду кесип өткөн учурду жергиликтүү жүргүнчүлөр айтып калышат. Мындай көрүнүштү алыстан келген меймандарга көргөзүп, ички туризмди жаратылыш менен да өнүктүрсөк пайдалуу болот деген ишенимдемин.
2023-жылы ичинде эгиз козусу бар бооз бугу жырткычтан жабыркап, 21 күн колумда реабилитациядан өттү. Жаныбардын организми эч кандай дары-дармекти кабыл алган жок. Мүнөзү жоош, жылуу мамилени жактырарынан тажрыйба алдым, сылап, эркелетип, калыбына келтирген соң департамент кызматкерлеринин уруксааты менен кайрадан жаратылышка кое берилди.
Булар үй жандыгы сыяктуу эле жем, тузду талап кылышат. Кышкысын калың карды жиреп, ат менен 30 килограммга чейин жем, туз алып, кулаган карагайдан адистерден уруксааты менен акыр жасап, салып кетем. Ал 10 күнгө жетет, кез-кезде акырдан жем жеген, каман, эликтин да изи түшүп калат. Буларга кол салгандар эң биринчи эле сүлөсүн жырткычы. Ал эми экинчи орунда карышкыр болуп эсептелет. Андан кийин мыйзамсыз аңчылыкка чыккан мергенчилер көз салат. Жардамчы жигиттер менен күндүз да, түнкүсүн да көмөл жүргүзөбүз.
Азыр эң негизги муктаждык — материалдык техникалык база. Кышында карда жүрө турган унаа болуусу зарыл. Андан сырткары фото капкан, дрон болсо жумушубуз бир кыйла жеңилдемек. Бирок ошентсе да экологиялык милициянын түзүлгөнү мурдагыга салыштырмалуу браконьерлерди азайтууга шарт түзүүдө», - деп сөзүн жыйынтыктады.