Turmush — Ат-Башы районунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана жаш манасчылар сынагы өткөрүлдү.
Малым болгондой, сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун үчилтиги («Манас», «Семетей», «Сейтек») боюнча өтүп, ага райондун мектептеринен келген 21 команда, «Манас» айтуу сынагына 61 окуучу катышты.
«Манас таануу» интеллектуалдуу таймашы мындан туура 15 жыл мурда 40 окуучу менен башталса учурда 40 миңдей окуучуну камтыды.