Turmush — Талас облусунун Кара-Суу айылынын 17 жаштагы тургуну Аелина Ашымбекова шурулардан кол баштыктарды тигип жатат. Аймактык кабарчы жаш чебер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, келечекте дизайнер болууну кыялданат.
«Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум кичинекей кезимден эле бар. Бала кезимде сүрөт тартып, пластилинден жаныбарларды жана мультфильмдеги каармандарды окшоштуруп жасаганды абдан жакшы көрчүмүн. 2022-2023-жылдары TikTok жана Instagram социалдык тармактарынан бисер жана мончок менен баштык токуп жаткан кыздарды көрүп, алардын иштерине аябай суктандым. Ошондон кийин мен дагы кызыгып, токуй баштадым.
2025-жылы бул иш менен өзүмө пайда таба алам деп ишенип, токуган сумкаларымды интернет аркылуу сата баштадым. Ар бир сумка өзүнүн уникалдуу дизайны менен айырмаланып турат. Баалары көлөмүнө, материалдарына жана жасоого кеткен убакытка жараша өзгөрөт. Мисалы кичине сумкаларды 1000-1500 сомго сатам. Ал эми чоңураак сумкалар 1800 сомдон 2500-3000 сомго чейин бааланат. Бир сумканы токууга 6 сааттан 17 саатка чейин убакыт кетет.
Келечекте үйдүн ички жасалгасын жасаган дизайнер болуп, адамдарга кооздук жана жакшы маанай тартуулагым келет. Ошондой эле өз өнөрүмдү дүйнөгө таанытып, адамдарга пайда алып келүүнү каалайм.
Бул жетишкендиктериме жетүүдө ата-энем жана чоң апам чоң колдоо көрсөтүп келишет. Алар мага жакшы тарбия берип, убакытты туура пайдаланууну үйрөтүштү. Ошондуктан аларга чоң рахмат айтам», - деди ал.