Turmush — Кадамжай районунун Кан айыл аймагындагы Тешик-Таш зыярат кылуучу жайына элдер оорулардан айыгууну жана башка тилектерин орундатууну сурап келишет.
Аталган айылдын тургуну Жанболот Досатовдун айтымында, Тешик-Таш Кан айылынын батыш-түштүгүнөн 6-7 чакырым алыстыкта, Шум айылынын 1-2 чакырым батыш жагында жайгашкан. Таштын бийиктиги 8-9 метр. Ортосунда табигый тешигинин диаметри 0,5-1 мерт чамасында.
Ал жерди мазар деп дагы аташат. Жергиликтүү эл ал мазарга барып, өзү муктаж болгон нерсени Алладан сурашат. Мисалы бейтаптар оорулардан айыгууну, балалуу болбой жүргөндөр балалуу болууну, күнөөлөрдөн тазаланууну сурап, ар түрдүү муктаждыктары аткарылат деп ишенип келишкен.
Жылдар бою келе жаткан мындай көрүнүш элге сиңип калган. Ошондуктан элдер тешиктен жылына бир жолу өтүп, дуба кылууну адатка айлантышкан.