Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.11.2019 14:42

Тоңдогу окуучулар чеберчилик менен алектенип, эмгектерин туристтерге сатмак болуп жатышат

Turmush -  Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы М.Жумаев атындагы мектептин окуучулары «Алтын кол» ийримине катышып, кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Мектеп директору Динара Абатбекованын айтымында, окуучулар 2 жыл аралыгында кол өнөрчүлүк боюнча билим алып, чий токуп, кийизден түрлүү оюнчуктарды жасап жатышат. 5-6-7-класстын окуучулары жасаган эмгектерин туристтерге сатып, кол өнөрчүлүккө керектүү материалдарды алышат.

«Биздин айыл облуста кол өнөрчүлүк боюнча өзгөчө макмга ээ. Ошого жараша азыр ар бир үйдө боз үй жасалып, окуучулардын жөндөмү бар. Атайын мугалим бөлүнүп, балдар-кыздар арасында жумасына бир жолу сабак өтүлүүчү ийрим уюштурдук. Азыркы күндө жакшы жыйынтык бар. Эми жасаган эмгектерди чогултуп, туристтерге сатуу максатыбызды коюп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×