Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.11.2019 08:13

Тоӊдогу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдоодон кийин (сүрөт)

Turmush -  Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылындагы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы. Ачылыш аземге райондун акими Данияр Арпачиев, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Кыдырбаев, медициналык кызматкерлер катышты.

Маалым болгондой, оңдоо иштерине 1 млн 763 миң сом жумшалган. Имарат 1978-жылдан 2005-жылга чейин балдар бөлүмү болуп иштеген. Ал эми 2005-жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу кызмат кылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×