Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 31.10.2019 12:33

Айыл турмушу: Эрлан айына 70 миң сомго чейин киреше тапкан кесипти аркалайт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын 28 жаштагы тургуну Муратбек уулу Эрлан ашпозчулук менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал ашпозчулук кесипти 10 жылдан бери аркалайт.

«Бул кесип боюнча билим алгандан кийин Бостери айылындагы кафеде иштеп баштадым. Андан кийин Чолпон-Ата жана Бишкек шаарындагы ресторандарда эмгектендим. Учурда Каракол шаарында иштеп жатам. Көбүнчө улуттук тамактарды жасайм. Буйрутма түшкөндө тойлордо кызмат кылам. Анда салаттардын жана тамактардын түрүн жасап берип, 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин акы алам. Көбүнчө куда тоскондор казан кебабга буйрутма беришет. Анткени ал абдан даамдуу жана жегиликтүү тамак. Командамда 15 адам бар.

Тойдо кызмат кылганда күтүп жаткан коноктор кеч келип, салаттарды кайра жасаган учурлар болот.

Кафеде айлык маянам 30 миң сомду түзөт, буйрутма болгон күндөрдү эсептегенде айына 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин киреше табам. Бул кесип дагы дайыма жаңы ыкмаларды үйрөнүп турууну талап кылат. Ошондуктан башка ашпозчулардан, интернет булактарынан жаңы рецепттерди үйрөнүүгө аракет кылам», - дейт ашпозчу.

Ал үйдө конок тоскондо гана тамак бышыра турганын айтат.

«Мен жумушта болгондуктан үйдө тамакты жубайым жасайт. Конок тоскондо гана мен ашпозчу болом. Бош убактымда достор менен футбол, бильярд ойнойм. Келечекте жеке менчик кафе ачып, өзүм иштетсем деген максатым бар», - деди 3 уулдун атасы Муратбек уулу Эрлан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×