Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 31.10.2019 09:42

Жеңеке: З.Кадырованын келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 36 жаштагы Зинат Кадырова. Ал Тоң районунун Ала-Баш айылында туулган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин бүтүргөн. 5-курста окуп жүргөндө турмушка чыккан.

«Жолдошум Алмаз Мендешов 1978-жылы Ысык-Ата районунда туулган. Бизди аяш атамдын кызы Жаркынай жана анын жолдошу Максат тааныштырган. Биз 9 ай сүйлөшүп, андан кийин баш коштук», - дейт ал.

Зинат Кадырова кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Жаңы келин болуп келгенде кайын атама музоо байлашайын деп жетелеп келе жатсам, ал жулунуп, экөөбүздү тең сүйрөп кетти. Мен жыгылдым, музоо чуркаган бойдон кетти. Кайын атам мени тургузган эле.

Бир жолу айылга барып калдык, эртең менен уй сааш керек эле. Жолдошум көрсөткөн уйду саайын деп отурганда эле ыргыта тепти, чалкаман жыгылдым. Көрсө ал саан уй эмес экен. Алар уйларга Мая, Оля, Апрель деген аттарды коюшчу. Мени тепкен уйдун аты Оля болчу», - деди ал.

Учурда эки кыз, бир уулдун апасы болгон Зинат Кадырова: «Балдарымдын билим алуусуна шарт түзүп, алардын аракетчил, иштерман болуп чоңоюшуна аракет кылып келем», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×