Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.10.2019 15:09

Тоңдун Оттук айылында спорт аянтча, сейил бак курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Оттук айылында спорт аянтча жана сейил бак курулуп жатат.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, элеттеги жаштардын эс алуу шартын жакшыртуу багытында айыл аймакта бир катар иштер жүрүүдө. Оттук айылында жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 1 млн 500 миң сомго спорт аянтча курулуп жатат.

«Эми футбол, волейбол, ордо ойной турган жана ар кандай иш-чаралар үчүн 8 боз үй тигиле турган аянтчалар жасалат. Азыр контейнерлер коюлду, эми суу чыгарылат жана кийим чечүүчү жай жасалат», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×