Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.10.2019 09:24

Тоңдо той-аштагы ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу маселеси талкууланды

Turmush -  Тоң районунун Шор-Булак айылында райондук ардагерлер кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга райондун акими Данияр Арпачиев, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, айыл өкмөт башчы жана айылдык кеңештин депутаттары катышты.

Жыйынды Улахол айыл аймагынын башчысы Улан Эмилбеков алып барып, алгач аким Данияр Арпачиев райондо жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң райондун ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Турумтаев күн тартибине коюлган эки маселе боюнча, тактап айтканда той-аштагы ашыкча ысырапкорчулукту кыскартуу жана Тоң районунун тарыхы камтылган 2 китеп чыгаруу тууралуу маалыматтарды айтты. Бул маселелер боюнча катышуучулар өз ойлорун билдиришип, талкуу жүргүзүлдү. Аялдар кеңешинин төрайымы ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу иштеринде аялдардын ролу чоң экендигин белгиледи.

Жыйын окуучулар тарабынан уюштурулган чакан концерттик иш-чара менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×