Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.10.2019 20:06

Тоңдун Кызыл-Туу айылы «Боз үйдүн мекени» дүйнөлүк сынагына катышууда

Turmush -  Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин «Боз үйдүн мекени» сынагына Тоң районунун Кызыл-Туу айылы дагы катышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 24-октябрда Кувейттен, Австралия, Индиядан келген кол өнөрчүлөр Кызыл-Туу айылындагы чеберлердин эмгектери менен таанышып, жүндөн, жыгачтан буюм жасоо өнөрлөрүнө күбө болушту. Мындан тышкары чет элдик калыстарга Көчмөндөр оюндарында рекорд коюп келген тоңдуктар тез арада боз үй тигүү жана аны кайра жыйноо өнөрүн көрсөтүштү.

«Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү» коомунун төрайымы Жамбы Карыбекованын айтымында, сынактын жыйынтыгы бир жыл аралыгында чыгат.

«Дүйнөлүк сынакта "Ысык-Көл боз үйдүн мекени" деген наамды жеңип алууга аракет кылып жатабыз. Учурда калыстар тобу топтогон материалдарды Лондонго жиберишти. Бул боюнча дүйнөлүк кол өнөрчүлөр чечим чыгарышат. Эгерде бул наамды жеңип алсак, өлкөнүн туризм тармагы өнүгүп, Ысык-Көлдө жасалган боз үйлөр ири көлөмдө экспорттолмок», - деди Ж.Карыбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×