Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.10.2019 11:57 Жаңыланды: 25.10.2019 22:57

Айыл турмушу: Темир боз үй жасап саткан Нурлан анын артыкчылыгын атады

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылынын 30 жаштагы тургуну Нурлан Молдакунов темирден боз үйлөрдү жасап, аларды сатыкка чыгарат. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, ал темир ширетүүнү өз алдынча үйрөнгөн.

«Учурда Кытайда жасалган темир боз үйлөр сатылып жатпайбы. Мен алардан дагы бышык кылып, боз үйдүн кереге, ууктарын жана түндүгүн дагы темирден жасайм. Кардарлар кандай өлчөмдө буйрутма берсе, ошондой кылып жасайбыз. Материалдарын Россиядан алдырабыз. Ичине кийиз тартылып, сыртынан суу өткөрбөгөн таар жабылат. Күнүнө бирден боз үй жасап бүтүрсө болот. Жыгач боз үйдөн айырмаланып бат тигилет жана бат чечилет, баасы дагы салыштырмалуу арзан. Мисалы, мен жасаган темир боз үйлөр 55 миң сомдон 65 миң сомго чейин бааланат. Айына орточо эсеп менен 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин киреше табам.

Бир жолу Россиянын Новосибирск шаарынан келген туристтерге бир боз үй саттым. Алар боз үйдү көлдүн жээгине тигип, эс алганга деп алышкан. Кетип жатканда алар бул боз үй менен Моңголияга чейин саякаттап барабыз деп Новосибирск шаарына кошо алып кетишкен», - деди ал.

Нурлан Молдакунов устачылыктан тышкары бүркүт таптап, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Ал Салбурун федерациясынын мамлекеттик машыктыруучусу. Эки кыз, эки уулдун атасы.

Буга чейин Turmush басылмасы мүнүшкөрлүк менен алектенген Нурлан Молдакунов тууралуу жазган (толук маалымат бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×