Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.10.2019 18:06

Ысык-Көлдө өткөн Торгой баатырдын 300 жылдык мааракесинен фоторепортаж

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Кан-Дөбө жайытында Торгой баатырдын 300 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дюшалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Арпачиев, коомдук ишмер, «Торгой ата» коомдук фондунун жетекчиси Аскербек Алиев, окумуштуулар, тарыхчылар жана тургундар катышты.

Торгой баатыр болжол менен мындан 300 жыл мурда төрөлгөн. Калмак кыргыз согушунун аяк жагында чыккан баатыр болгон. Калмактарга каршы согушуп, элин жерин коргоп, башын бириктирген. Торгой баатырдын тукумдары Бөкөнбаев, Туура-Там, Төрт-Күл, Туура-Суу, Темир-Канат, Эшперов айылдарында отурукташкан.

Торгой баатырдын 300 жылдыгына арналып, Бөкөнбаев айылынын кире беришине анын эстелиги тургузулган. Ага 1 миллион 300 миң сом жумшалган.

Мааракеге карата 80ден ашык боз үйлөр тигилген. Анын алкагында көк бөрү, күрөш, аламан байге, кунан чалыш, жорго салыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Баш байгеге 4 жеңил унаа берилип, жалпы байге фонду 2 миллион сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×