Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.10.2019 16:37 На русском

Кар көчкүдө калган эки чабан 7 сааттан кийин тирүү табылды. 7 баланын атасы окуя тууралуу үн катты

Turmush -  Тоң районунун Сырт жайлоосунан мал айдап келе жатканда кар көчкү басып калган эки чабандын абалы туруктуу. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жамшитбек Жакыпов билдирди.

Маалым болгондой, табигый кырсыкка кабылгандын бири — Төрт-Күл айылынын 47 жаштагы тургуну Нурлан Кыдырмышев. Анын жамбаш сөөгү сынып, райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ага мындай кырсыктан кийин 7 баласы кайрат берип, жашоого чыйралтканын айтат.

«Биринчи колуктум 1977-жылкы болчу. Эки уулдуу болгон соң, 2005-жылы ажырашып кеттик. Ал 2015-жылы киши колдуу болуп, каза болгон. Андан көп өтпөй, ошол эле 2005-жылы 1987-жылкы экинчи жубайыма баш кошком. Анын ээрчитип келген баласын өз уулумдай асырап, дагы 4 балалуу болдук. Тагдыр экен экинчи аялым 2016-жылы бизди таштап, башкага турмушка чыгып кетти. Ошондо кичүү балам 3 жашта болчу. Айла жок 7 балам үчүн жашап, аларды бутка тургузайын деп оокат кылып жүргөндө ушундай бөөдө кырсыкка кабылдым. Ичер суум бар экен, балдарым жашоомо чоң дем берди. Эми сакайып чыксам, куруп жаткан үйүмдү бүтүрөм», - деди Н.Кыдырмышев.

Ал эми көчкү алдына жарым саат калып, эс-учун жоготкон Туура-Суу айылынын 42 жаштагы тургуну Табылды Мусаевдин бут сөөгү сынган. Ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Өзү коркунуч артта калып, аман калганына сүйүнөт.

«Биз Ичке-Суу жайлоосунан мал айдап түшүп келе жатып, 5-октябрда орто жолдо түнөгөнбүз. Анан эле мал-жандыктар кар көчкү түшчү жолго чыгып кетип, тосууга жетишпей калдык. Ортодон ашууга келгенде жолду кар күрткүсү үйлөп салыптыр. Калган малды өткөрүү үчүн үчөөбүз жолду таптап жатканбыз. 6-октябрда саат 11:00 чамасында «дүр, даң» деген добуш чыгып, бизди заматта кар басып калды. Денем ташка урунганын билем, жарым саат эсимди жоготуптурмун. Айылга кабар жетип, жардамга келгенче 7 саат кыймылдабай жаттык. Ошондо коркуу сезим менен ооруган жеримди деле сезбептирмин. Эки күн дегенде өзүмө келдим», - деди Т.Мусаев.

Буга чейин Тоң районунун Сырт жайлоосунан мал айдап келе жатканда кар көчкү басып калган эки чабан куткарылганын Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Байсеркеев билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×