Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.10.2019 12:07

Айыл турмушу: Тоңдук А.Асангулов жасаган боз үйлөрүн 10 миң долларга сатат

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 43 жаштагы тургуну Алыбек Асангулов 24 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөр ага атасынан өткөн.

«1995-жылдан бери боз үй жасайм. Жылына 10го жакын буйрутма түшөт. Ички жасалгасын жубайым, кыздарым жана апам жасайт. Толук бүткөн боз үйлөрдү Кыргызстандан тышкары Швейцария, Казакстан, Россия, Сауд Арабия сыяктуу мамлекеттерге сатабыз. Баасы боз үйдүн башына жараша болот. Мисалы биз 35 баш боз үйдөн 130 баш боз үйгө чейин жасайбыз. Алар орточо 2500 доллардан 8000 жана 10000 долларга чейин бааланат.

Мындан тышкары, боз үйлөрдү ижарага берем. Жакында Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарына эки боз үй алып барып тигип бердим. Той жана мааракелерге ижара акысы бир күнгө 15000 сом. Келечекте боз үйдү кыргыздын бренди катары дүйнөгө таанытып, жер кыдырып, саякаттасам дейм», - дейт уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×