Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.10.2019 16:29 На русском

Кувакы ашуусунда каршы тилкеге чыккан унаа кырсыкка кабылды. Сүрөт

Turmush -  Кувакы ашуусундагы жол кырсыктан эки адам жабыркады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 1-октябрда саат 18:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок 2 айылынын чыгыш тарабында болгон. Нарын районунун тургуну И.С. «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасын түндүктү карай башкарып бара жатып, алдындагы жүк ташуучу унааны ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок карама-каршы тилкедеги «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны Нарын шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Р.у.Б. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Р.у.Б. жана жүргүнчүсү — Нарын районунун 1970-жылы туулган тургуну К.Б. Балыкчы шаардык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×