Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.10.2019 13:40 Жаңыланды: 12.10.2019 17:40

Жеңеке: Кайын агасын сүрдөткөн тоңдук Нургүл жеңенин кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 46 жаштагы тургуну Нургүл Бийбосунова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн.

«Балыкчы шаарында окуп, ошол шаарда чоңойдум. 24 жашымда, тактап айтканда 1997-жылы Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын тургуну Батырбек Мусаевге турмушка чыктым. Азыр 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук. Улуу кызыбыз студент, андан кийинкиси 10-класста жана уулум 3-класста окуйт», - дейт ал.

Н.Бийбосунова жаңы келин болуп келгенде кызыктуу окуялар көп болгонун айтат.

«Жаңы келин болуп келгенде Ысык-Көлдө жүгүнүү салтына өзгөчө маани берилерин байкадым. Келин жүгүнүү менен кайын журтуна, улуу адамдарга болгон урматын көрсөтөт экен. Бул салт башка элге орой учураганы менен бизде саламдашуу катары эле кабыл алынат.

Биз жаңы үйлөнгөндө үйдө үйлөнө элек кайын агам бар эле. «Бул кайын агаң болот, жүгүнүп жүр» деп кайын энем айтканынан жүгүнсөм, ал сүрдөп кетип, мага «рахмат» деди. Кайын эжем менен кайын энем күлүп, келиниң жүгүнгөндө «тилегиңди берсин» же «алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн» деп алкоо айтып жүр деп түшүндүрүштү эле», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×