Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 30.09.2019 10:32

Тоңдук Салават Улуттук көчмөндөр оюндарында ат үстүндө жаа атууда 1-орунду алды

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 23 жаштагы тургуну Айбек уулу Салават Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында ат үстүндө жаа атуу боюнча 1-орунду алды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бул мелдешке жалпы 9 жаачы катышты.

«Байгеге 8 миң сом жана медаль берилди. Буга чейин 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бүркүт салуу боюнча 1-орунду алгам. «Манас оюндары - 2017» эл аралык мелдешинде дагы бүркүт салуу боюнча 1-орунду ээлегем. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарында ат үстүндө жаа атуу мелдешинде 1-орунду алдым. Бул багыттагы мелдештерде жалпы 35 медаль багындыргам», - деди байге ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×