Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.09.2019 17:44

Тоңдо 16,5 млн сомго курулган спорт комплекс салтанаттуу ачылды

Turmush -  Тоң районунда «Кудайменде ата» спорт комплексинин ачылыш аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы спорт комплекси 2015-жылы курулуп баштаган. Ал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Курулуш иштерин «Энтерстрой» курулуш компаниясы 16,5 млн сомго жүргүзгөн.

Спорт комплекстин жалпы аянты 864 чарчы метрди түзүп, футбол, волейбол, баскетбол ойноого бардык шарттар түзүлгөн. 2017-жылы спорт комплекске Кудайменде ата ысымын берүү чечими кабыл алынган болчу.

Спорт комплекстин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүшалиев, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалай Нурбашев, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Спорт комплекстин ачылышына төкмө акындар келишип, иш-чара ыр-бий менен коштолду. Ошондой эле спорттук мелдештер уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×