Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.09.2019 19:04

Тоң райондук электр тармактар ишканасы Мамлекеттик тил күнүн белгиледи

Turmush -  Бүгүн, 23-сентябрда Тоң райондук электр тармактар ишканасында мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине карата атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ишкананын кызматкерлери жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин окуучулары тарабынан кыргыз тилин даңазалаган концерттик программа уюштурулуп, кыргыз тили жөнүндө ырлар, фольклордук чыгармалар аткарылып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарылды. Ага Сүйүнбек улуу Улук, Узакбаева Анара жана Кудайбергенова Света аттуу кызматкерлер активдүү катышты.

Тоң райондук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары Эркин Мамбетов: «Негизинен кыргыз тил бөлмөсүнүн ачылышы бизге жакшы жышаан болду. Анткени учурда иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылып жатканына байланыштуу бөлмөбүздө чакан китептер жыйнагы чогулуп, жумуш учурунда аны колдонууга шарт түзүлдү», - деди.

1989-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Быйыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×