Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 21.09.2019 19:21

Тоң районунда асфальт-бетон заводу иштеп баштады

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда асфальт-бетон заводу иштеп баштады. Бул тууралуу Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев маалымдады.

Анын айтымында, завод жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылуу, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу максатында жылдын башында ачылган.

«22 адам иш менен камсыз болуп, асфальт-бетон жана пескоблоктун 7 түрү чыгарылып жатат. Мында бетон түтүктөрдү жасоочу атайын жабдуулар алынган. Учурда облустун аймагынан буйрутмалар көп түшүп жаткандыктан ишти кеңейтип, кошумча иш орундарын түзүү аракети көрүлүп жатат», - дейт У.Турганбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×