Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 16.09.2019 15:37

Тоң районунда таштандыны кайра иштетип башташты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда таштандыны кайра иштетип башташты. Бул тууралуу Бөкөнбаев айылынын тургуну Азамат Шаршенбек уулу билдирди.

Анын айтымында, «Үч чака» долбоору ишке кирип, таштандылар үч топко бөлүнүп, иштетилип баштады.

«Таштандылар сорттолуп, анан кайра иштетилет. Атайын таңгактоочу жабдыктар алынып келди. Азыркы тапта 5 адам иш менен камсыз болду. Мындай иштер райондун үч айылында жүргүзүлүп жатат. Башка айылдарга дагы жайылтылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×