Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.09.2019 13:56 Жаңыланды: 13.09.2019 18:55

Мекендештер: Атасынын оорусунан улам Мээрим Түркияга иштегени кеткен

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылында туулган Мээрим Имашова. Учурда ал Түркиянын Анталия шаарында иштейт. 22 жаштагы мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Т.Абдымомунов атындагы театралдык окуу жайда билим алган. Кесиби боюнча актриса.

«Анкарадагы отелде официант болуп иштеп жатканыма эки жыл болду. Үч жыл мурун атам ооруп калды. Дарылары дагы кымбат болуп, каражат жагынан кыйналдык. Ошондо Бишкектен тапкан акчам жетишпей, бул жерге келип иштөөнү чечкем. Азыр атамдын ден соолугу жакшы», - дейт Мээрим.

Мекендешибиз келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Иштеген жерим жакшы, мени башка өлкөдөн келдиң деп кемсинтишпейт. Жардам сурап кайрылсам, жардам берүүгө шашышат. Башында түркчө жана кыргызча аралаштырып сүйлөчү элем. Азыр түркчө жакшы сүйлөп калдым. Жакынкы арада ушул тармакта ишимди улантам. Бош убакта Түркиянын башка шаарларын кыдырам. Келечекте дагы башка өлкөлөрдү кыдырып, саякаттоо кыялым бар. Ошондой эле үй-бүлө куруп, татыктуу жар, мээримдүү эне болгум келет», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган. Мээрим белгилүү актриса Альбина Имашова менен аталаш бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×