Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.09.2019 10:40

Тоңдо 30 мектеп окуучуларды кабыл алды (сүрөт)

Turmush -  Тоң районундагы 30 мектеп 2-сентябрда окуучулар үчүн эшигин ачты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев окуучулар менен мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

«Билим күнү көптөгөн жаш жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун атташат, алар үчүн билим дүйнөсүнүн жаӊы барактары ачылып, чоӊ келечектин алгачкы кадамдары ташталат. Бул күн жаш бөбөктөр үчүн өзгөчө эсте калган күн деди», - деди аким.

Тоң районунда жалпы 30 мектеп бар. 2019-2020-окуу жылындагы окуучулардын саны — 10 500. Ал эми 1-класска 1249 окуучу кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×