Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.08.2019 16:27

Тоң районундагы бир көчө 5 млн сомго асфальтталды (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылынын Э.Узакбаев атындагы көчөсүнүн 1 км бөлүгү асфальтталды. Бул тууралуу Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, курулуш иши Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жүргүзүлдү.

«Курулуш иштерине жалпы 5 миллион сом каражат бөлүнгөн. Асфальттоо иштерин №33 ЖТИнин жамааты жүргүзүштү. Курулуш ишине айыл тургуну К.Жумалиев дагы салым кошту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×