Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.08.2019 13:44

Тоңдо 1,6 млн сомго футболдук аянтча курулду (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылында 1 млн 600 миң сомго футболдук аянтча курулду. Бул тууралуу Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамбетов билдирди.

Маалым болгондой, футболдук аянтча курууну айылдын жаштары 3 жыл мурун демилгелешкен.

«Курулуш иштерин айылдын жаштары жана тургундары жүргүзүштү. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка аянтчанын жасалма каптоосу алынып, дренаж системасы жана түнкү жарыктандыргычтар орнотулду. Тоң айыл өкмөтү тарабынан аянтчанын айланасы тосулган. Меценат Нурбек Айбашев тарабынан 100 миң сомго түтүктөр алынды. Курулушка жалпы 1 млн 600 миң сом жумшалды», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×