Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.05.2019 15:52

Тоң районунда согуштун 4 ардагери калды (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунда былтыр согуштун 8 ардагери болсо, быйыл алардын саны төрткө кыскарды. Turmush басылмасынын кабарчысы алар менен тааныштырат.

1. Салыке Солтоев 1926-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1944-жылы советтик армиянын катарына чакырылып, 1950-жылга чейин кызмат өтөгөн. Бир нече медалдар менен сыйланган.

2. Маданкул Сулайманов 1925-жылы Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган. 1943-жылы советтик армияга чакырылган. 1945-жылы Германиянын аймагына киргенде оор жарадар болуп, демобилизацияланган. 2-топтогу майып. Бир нече медалдар менен сыйланган.

3. Керимбай Элебесов 1924-жылы Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган. Советтик армияга 1942-жылы чакырылган. 1944-жылы Кенигсберг шаарын бошотууда жарадар болгон. Армиядан 1947-жылы кайтып келген. Учурда Кызыл-Туу айылында жашайт, 2-топтогу майып.

4. Саткын Кыдырмаев 1924-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылында туулган. Советтик армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, 1945-жылы кайтып келген. Бир нече медалдар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×