Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.11.2018 16:12 На русском

Ысык-Көлдө уктап кеткен айдоочу жол кырсыктан каза болуп, 5 адам жабыркады (фото)

Turmush -  Тоң районунда жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады.

Маалым болгондой, жол кырсык 5-ноябрда саат 03:10 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунда Кара-Коо айылы менен Дөң-Талаа айылдарынын ортосунда катталган. Тоң районунун Көл-Төр айылынын 1991-жылы туулган тургуну З.Бектен «Форд Фокус» унаасы (мамлекеттик номуру В 68 64 АВ) менен Кара-Коо айылынан Дөң-Талаа айылын көздөй бара жатып, каршы тилкедеги «Тойота Королла» унаасы (мамлекеттик номуру S 8360 Y) менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Коо айылынын 1996-жылы туулган тургуну Т.у.Темирбек башкарып келе жаткан. Жол кырсыктын кесепетинен «Форд Фокус» унаасындагы 5 адам жабыркап, «Тойота Королла» унаасынын айдоочусу каза болгон.

Жабыркагандар:

- 1968 жылы туулган А.Гүлмира, Коңур-Өлөң айылынын тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 1962-жылы туулган О.Сыртбай, Коңур-Өлөң айылынын тургуну, жамбашы сынган;

- 1964-жылы туулган О.Кеңешбек, Коңур-Өлөң айылынын тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 2008-жылы туулган Ш.Даниэл, Коңур-Өлөң айылынын тургуну, баш мээсинен жаракат алган.

- 1991-жылы туулган З.Бектен, Көл-Төр айылынын тургуну.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жол кырсыгына «Тойота Королла» унаасынын айдоочусу уктап кетип, карама-каршы жолго чыкканы себеп болгон. ЖККК кызматкерлери өз убагында окуя болгон жерге барышып, жаракат алгандарга биринчи тез жардам көрсөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×