Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.11.2018 10:05

Тоңдогу жол кырсыктан айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады

Turmush -  Тоң районунун Кара-Коо—Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады. Окуя кечээ, 4-ноябрда саат 03:40 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Форд Фокус» унаасы менен «Фольксваген Пассат» кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Форд Фокус» унаасындагы 5 адам жабыркап, экинчи унаанын айдоочусу көз жумган. Куткаруучулар айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×