Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.11.2018 12:45

Тоңдун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиев кызматтан кетти

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Эсенгелдиев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Б.Эсенгелдиев өз арызында кызматынан кетишинин себебин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу экенин билдирген.

«Ал айыл өкмөт башчы кызматына 2017-жылдын 11-июлунда шайланган. Жаңы айыл өкмөт башчыны шайлоо күнү азырынча белгилене элек», - деп билдиришти аймактык шайлоо комиссиясынан.

Бакытбек Эсенгелдиев 1988-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ал 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы инновациялык техникумда 3 жыл окуган. Андан кийин Эл аралык башкаруу, укук жана финансы академиясын бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×