Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.11.2018 12:24

Фото – Тоң райондук милициясынын жетекчилери

Turmush -  Тоң районунда 1-ноябрда кыргыз милициясынын 94 жылдыгы белгиленип, райондук ички иштер бөлүмүнүн бир нече кызматкерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Төрт-Күл айылында уюштурулуп, райондук администрациянын атынан райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын экинчи орун басары Биримкул Чегировго «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Мындан сырткары 3 милиция кызматкерине ардак грамота, дагы 3 кызматкерге ыраазычылык баракчасы берилди.

Кыргызстандын мамлекеттик архивиндеги материалдарга ылайык, кыргыз милициясынын күнүн 3-декабрда белгилөө чечими чыккан. 1993-жылдын башында ички иштер министри Суталинов милициялардын күнүн тактоо боюнча атайын комиссия түзгөн. Ал комиссия Москвадагы архивдик материалдарды да караган.

Маалыматка ылайык, СССРдин борбордук архитектурасынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун милиция кызматкерлери катары 1924-жылы 1-ноябрда иштеп баштаган. Ошондон баштап Кыргызстанда 1-ноябрда «Кыргыз милициясынын күнүн» белгилөө чечими чыккан.

Turmush басылмасы Тоң районундагы милиция кызматынын жетекчилери боюнча маалыматтарды топтоду:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×