Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 25.10.2018 09:41

Тоңдогу Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн эли сүт тапшырып башташты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу 4 айылдан сүт алынып баштады. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Иличбек Көөкөров билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 18 миң долларга сүт ташуучу унаа алынган.

«Учурда Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Эшперов, Ак-Сай, Көк-Сай, Жер-Үй айылдарынын тургундары сүт сатып башташты. Сүт алуу планы аткарылып, жакшы жыйынтык берсе, кийинки жылдары сүттү кайра иштетүүчү чакан цех курууну пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×