Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.10.2018 17:21

Тоңдо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берген уюм сыйланды (фото)

Turmush -  Тоң районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүп келген коомдук уюмга 100 миң сом сыйлык берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.М.Аманкулов тарабынан берилген 100 000 сомдун сертификатын аким Т.Ажиев жана агенттиктин өкүлү тапшырышты. Акчалай сыйлык коомдук уюмдун жаштар саясатында пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууга жана коомдун аз камсыз болгон катмарына жардам көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.

Алардын жардамы менен 10 бала мектепке, 8 бөбөк бала бакчага бара баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×