Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.10.2018 16:27

Тоңдун Туура-Суу 2 айылынын эли көпүрө курулуп бүтпөгөнүнө нааразы (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылынын тургундары айылдын кире беришиндеги көпүрөнүн бүтпөй жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көпүрө салынып баштаганына 2 жылдай болду.

«Көпүрө жоктугунан арыктан айланып өтүп жатабыз. Кышында ал жерде муз тоңуп, бир топ кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан кышка чейин бүтүп калса жакшы болмок. Биз көпүрө салып жаткандардан былтыр сурасак, «күн жылысын» деп жооп беришкен эле. Ошентип, күн жылымак турсун, кайра суук түшүп калды», - дешти алар.

Ал эми ошол көпүрөнү куруп жаткан №10 Жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Алтынбек Өмүров жогоруда айтылган сөздөрдү төгүндөдү.

«Көпүрө 2 жылдан бүтпөй жатат деген сөз чындыкка дал келбейт. Былтыр күз айында көпүрөнүн курулушу башталган. 2 млн сомго тендер жарыяланып «Топ инфо плюс» деген курулуш фирмасы утуп алып, көпүрө салып башташкан. Былтыр Транспорт министрлигинен 800 миң сом эле которулуп, ошого ылайыктуу жумуштар аткарылып, токтоп калган. Быйылкы жылы биз Транспорт министирлигине кайра-кайра кат жазып жатып, калган 1 млн 200 миң сомун бөлдүрдүк. Эми жакын арада иш башталып, кышка чейин бүтүрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×