Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 16.10.2018 10:24

Тоңдун эли депутаттардан, министрден бир нече көйгөйлөрдү чечип берүүнү өтүнүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда бир нече көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоң районуна иш сапары менен Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Молдобекова, А.Касымалиева, А.Дюшалиев жана саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаев келип, райондогу социалдык объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышкан соң, райондун активи жана эли менен жолугушту.
Анда Бөкөнбаев, Шор-Булак, Кажы-Сай айылынын тургундары таза суу боюнча маселе көтөрүп, таза сууга болгон муктаждыктарын айтышты.

Жаңы мектептерди куруу жана курулуп жаткан мектептерди пайдаланууга берүү боюнча Бөкөнбаев, Тогуз-Булак айылынын тургундары кайрылышты. Бала бакча маселесин Кара-Коо айылынын тургундары көтөрүштү. Коргонду-Булак айылынын тургундары уюлдук байланыштын жоктугун айтып, ушул маселени чечип берүүнү суранышты. Ошондой эле аймактык ооруканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×