Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.10.2018 12:47

Тоңдо 80ден ашык улгайган адамга белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Эл аралык карылар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында райондун аймагынан 80ден ашуун улгайган адамга сый-урмат көрсөтүлдү. Тоң райондук администрациясы тарабынан уюштурулган бул иш-чарага алтын кен казуучу компания жана ЖЧК каржылык колдоо көрсөтүп, чакырылгандарга азык-түлүк иретинде жардам берилди.

Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×