Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.10.2018 16:20 На русском

«3 метр тереңдиктен таптык»: Көлгө чөккөн жигитти куткарып калган айылдаштар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургундары Ринат Өмүрканов менен Динислам Сапарбеков сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калганы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Окуя ушул жылдын 6-августунда айылдаштар үй-бүлөлөрү менен Тоң районунун Бар-Булак айылында көлдүн жээгинде эс алып жатканда болон. Бул учурда Р.Өмүрканов менен Д.Сапарбеков көлгө чөгүп кете жаздаган Балыкчы шаарынын тургунун куткарып калышкан.

«Бар-Булак айылында көлдүн жээгинде эс алуу зонасы жайгашкан. Биз ал жерде үй-бүлөбүз менен эс алып жатканбыз. Бир убакта кыйкырык угуп, жардам берүүгө шашып жөнөдүк. Эч нерсени ойлонбой, чөгүп жаткан адам тарапка сүзүп баштадык, артыбыздан дагы эки адам келе жаткан. Чөгүп жаткан жигит катамаран тарапка сүзүп бара жатып жетпей калыптыр. Биз аны 2,5-3 метр тереңдиктен эс-учун жоготкон абалда таптык. Аны суудан алып чыктык, көл жээкте дарыгер эс алып жаткан болчу. Ал дароо жасалма дем алдыруу жана жүрөгүнө массаж жасады. Жарым саттан кийин аталган жигит өзүнө келди. Аны менен бирге достору жана үй-бүлөсү эс алып жаткан экен», - деди Ринат менен Динислам.

Окуянын күбөлөрүнүн биринин айтымында, чөгүп кеткен жигитке хирург-дарыгер Шермухаммед Айтикеев жардам көрсөткөн. Ал ошол күнү көлдө эс алып жаткан. Дарыгер учурда Россияда эмгектенет.

Ал эми куткарылган жигит 27 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×