Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.09.2018 14:45 На русском

Тоңдо жеңил унаа жөө аялды сүзүп кетти (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчү аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 28-сентябрда саат 11:00 чамасында Бөкөнбаев айылындагы Атакан көчөсүндө катталган. Анда түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «Фольксваген Пассат» унаасынын алдынан жөө жүргүнчү аял чыга калып, унаанын алдында калган. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×