Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.09.2018 13:06 На русском

Айыл турмушу: Алыбек уста 10 миң долларлык боз үйлөрүн чет өлкөлөргө да сатат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 42 жаштагы тургуну Алыбек Асангулов жасаган боз үйлөрүн 10 000 долларга чейин баалайт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1995-жылдан бери боз үй жасайт. Ал эми устачылыкты атасынан үйрөнгөн. Боз үйгө керектүү материалдарды ар кайсы аймактан алып келип, кээ бирлерин Жети-Өгүз районунан сатып алат.

«Эгер материалдары даяр болсо бир боз үйдү 1,5-2 айда жасап бүтүрөм. Бир жылда буйрутмага жараша 6-7 боз үй жасалат. Ал эми буйрутма көп болуп калса, 1 жылда 15 боз үй жасайбыз. Өзүм жетишпегендиктен атайын жардамчы алам. Менин милдетим боз үйдүн жыгачын жасоо, кыздарым чийлерин, келинчегим өрмөгүн согуп, апам кийизин жасайт», - деди ал.

Алыбек устанын боз үйлөрү чек өлкөлөргө чейин сатылат.

«Былтыр жайында Москвага жиберген боз үйүбүз жолдон жоголуп кетип, 5 айдан кийин табылган. Ошол бойдон ал боз үй үйдө турат. Көрсө бажыдан казактар өткөрбөй коюшуптур. Боз үйлөр Корея, Швейцария, Арабия, Казакстан, Москва, Америкага чейин сатылат. Ошондой эле Малайзияга жана Ташкентке жөнөтө турган боз үйлөр да бар. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үйдү 10 мүнөт 16 секундда тигип, 1-орунду алганбыз. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында да боз үйдү 8 мүнөт 14 секундда тигип, 1-орунга ээ болдук.

Биздик аймакка келген туристтерге боз үй тигүү боюнча мастер-класс көрсөтүп, 5000 сом алабыз. Ал эми боз үйлөр 3000 доллардан баштап 10 000 долларга чейин сатылат. Ошондой эле тойлордо боз үйлөрдү ижарага берем», - деди ал.

Уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×