Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.09.2018 13:08 На русском

Тоңдун тургуну Назик 30 миң сомдук чырдын айынан боюнан түшкөнүн айтып, милицияга кайрылды (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 20 жаштагы тургуну Назик Нурбек кызы жетекчиси менен болгон чырдын айынан боюнан түшкөнүн айтып, милицияга кайрылды.

Назик Нурбек кызынын айтымында, ал 1-июнда Бөкөнбаев айылында жайгашкан мобилдик операторлордун биринин кеңсесине жумушка орношкон.

«Мени ишке алган К.Б. келишим түзбөстөн айлык маянам 7 миң сом болорун айткан. Мен ал жакта алгач стажер, андан соң менеджер болуп иштей баштадым. Кеңседе эки кыз иштечүбүз. Бир күнү К.Б. келинчеги менен кассадан 30 миң сом жетишсиз болуп жатканын айтышты. Ошол кезде менин боюмда бар болчу. К.Б. аброюма шек келтирген сөздөрдү айтып, менден 30 миң сомду табууну талап кылды. Мен акчаны албаганымды айттым. Ал мага жаман сөздөрдү айтып, мени капаланткандыктан боюмдан (4-5 жумалык) түшүп калды.

Мындан улам жолдошум экөөбүз Тоң РИИБге арыз менен кайрылдык. Ишти караган тергөөчү Чынгыз Абдумусаев алгач түшүнүк кат алган. Кийин ал жолдошумду коркутуп, кызмат ордунан пайдаланганы көрүнүп турду. Төргөө жүргүзүлүп, мен медициналык экспертизадан да өттүм. Жолдошум экөөбүз райондук милицияга кайрылсак, тартип сакчылар тергөөнү бир тараптуу жүргүзүштү», - дейт ал.

Назиктин жолдошунун айтымында, бул чырдын аягы анын келинчегинин боюнан түшүшүнө алып келди.

«Келинчегимди ишке алып жатканда К.Б. эч кандай келишим түзбөптүр. Биринчи айлыгын ала электе кайра мойнуна 30 миң сом илип койду. Бул чырдын аягы келинчегимдин боюнан түшүшүнө алып келди. Бул боюнча РИИБге кайрылсак, тергөөчү Чыңгыз Абдумусаев аброюма шек келтирген сөздөрдү айтты.

Келинчегимди алып Караколго, Балыкчага, ал тургай Бишкек шаарына дарыгерлерге көрсөтүп келдим. Азыркыга чейин акыйкаттык издейм», - дейт жолдошу.

Назиктин жактоочусу Албанбек Апсаматов аталган иш боюнча тергөөчү арыздануучуларга туура эмес мамиле жасаганын айтат.

Ал эми Назикти ишке алган К.Б. бул иш боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

«Келинчегим Бөкөнбаев айылындагы кеңседе иштеп, декреттик өргүүдө болгондуктан ишке Назикти алганбыз. Ал жакта эки кыз иштеп, мобилдик аксессуарларды сатып, калкка тейлөө жүргүзчү. Кассадан 30 миң сом жоголгондугу чын. Ал эми боюнан түшкөнү менин күнөөм эмес, мурда эле козголуптур», - дейт ал.

Учурда Тоң РИИБдин тергөө ишине нааразы болгон Назик жана жолдошу прокуратурага жана тийиштүү органдарга кайрылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×