Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.09.2018 10:11

Ак-Терек айыл аймагындагы катуу жаандан кийин 4 үйдүн короосун суу каптады

Turmush -  Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагында 22-сентябрь күнү жааган жаандын кесепетинен Дөң-Талаа айылындагы сугат каналынан суу ашып, 4 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине ӨКМдин Тоң райондук бөлүм башчысы, Жарандык коргонуу комиссия барып, айыл аймактан 1 даана экскаватор тартылып, каналдын жээги бекемделди. Ал эми суу каптаган короолорду жергиликтүү тургундар өз күчтөрү менен тазалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×